“Манас” телеканалынын журналисти Ш. Ибраевага Ардак грамота


  • 2023-12-29

“Манас” телеканалынын журналисти Шаризат Ибраева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
8-декабрь, Кыргызстанда Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Шаризат Ибраевга КР ЖК тарабынан Ардак грамота ыйгарылды.

Эскерте кетсек, Шаризат Ибраева 2022-жылы КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. 2014-жылы Түркия парламенти тарабынан уюштурулган эл аралык конкурста "Менин Айтматовум" аттуу берүүсү менен биринчи орунду багындарган.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1ZvlDPtTqI/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү