Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаевге зыярат


  • 2024-01-11

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2023-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаевди макамында зыярат кылып, жаӊы кызматка дайындалышы менен куттуктады.  

Жылуу маанайда өткөн баарлашуу учурунда Нурмухамед Миӊбаев үстүбүздөгү жылы пландаштырылып, кыргыз кагандыгына жана түрк элдеринин орток тарыхына байланыштуу бүткүл дүйнө жүзүнөн келген коноктордун катышуусу менен өткөрүлө турган кеӊири масштабдуу иш-чара жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде ректор, профессор Алпаслан Жейлан эки элдин кызматташтыгы үчүн тарых, маданият, билим берүү жана туризмди өнүктүрүүгө байланыштуу биргелешкен иш-чаралардын зор мааниге ээ экендигин, түрк элдеринин биримдигинин чыӊдалышы бүтүндөй дүйнөдө тынчтыктын орношуна жана өнүгүүгө зор салып кошо турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары ректор Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы жана анын юридикалык негиздери “Манас” университетинин окумуштуулар жамааты тарабынан иштелип чыгып, тиешелүү органдарга сунушталууга даяр экендигин билдирди.   

Зыярат эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна келди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1895KTNjFE/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү