RSC 006 КОДДУУ ОРУС ТИЛИ САБАГЫ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР


  • 2024-01-12

Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү 2024-жылдын 25-январь күнү, Кыргызстан убактысы боюнча 17.00

2023-2024-окуу жылынын Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2024-жылдын 28-январында өткөрүлө турган жазгы семестрдеги RSC 006 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынагына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

 

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ

СЫНАКТЫН КОДУ жана АТЫ

УБАКТЫСЫ

2024-жылдын 28-январы

RSC 006 кодундагы “Орус тили” сабагы

12.00 – 13.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

RSC 006 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери (Кесиптик жогорку мектептин бөлүмдөрүнө катталган Даярдоо курсунун студенттери) катыша алат.

 

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

RSC 006 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынактары онлайн форматта, Google Classroom платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

Өткөрүлө турган сынакка катышууну каалаган студенттерибиз 2024-жылдын 25-январь, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта) университет тарабынан берилген электрондук (manas.edu.kg аталышындагы) почтадан svetlana.parmanasova@manas.edu.kg электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ:

2023-2024-окуу жылына чейин орус тили сабагын 2 семестр (RSC-003 жана RSC-004 кодундагы) бою окубаган же/жана бул орус тили сабактарынан өтпөй калган бакалавр программасынын кыргызстандык студенттердин окуй турган RSC-003 жана RSC-004 кодундагы орус тили сабактарынын RSC-005 кодундагы орус тили сабагына эквиваленттүү саналуусу, ал эми RSC-003 жана RSC-004 кодундагы орус тили сабактарынын бирөөсүн окубай калган же/жана бирөөсүнөн өтпөй калган бакалавр программасынын кыргызстандык студенттердин окубай калган же/жана өтпөй калган кайсыл бир семестрдин орус тили сабагынын ордуна орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери үчүн өтүлүүчү RSC-006 кодундагы орус тили сабагын алуусу чечими кабыл алынды (Университетибиздин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрында кабыл алынган 2022-21.90 номерлүү чечими).

Тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.

Арыздын үлгүсү

    Социалдык медиада бөлүшүү