КТМУ менен Венгриянын илим изилдөө институту кызматташат


  • 2024-01-16

Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Венгриянын илимий-изилдөө институту ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Венгрия Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана аны менен терең байланышта болгондуктан, бул кызматташтык эки өлкө жана университетибиз үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Келишимде биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарды уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү, окуу программаларын алмашуу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2KBefPtNAV/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү