Токтобүбүнүн таасирдүү баянын чагылдырган “Балам үчүн” даректүү тасмасы көрсөтүлдү


  • 2024-01-17

2024-жылдын 13-январында "Манас" үй-бүлөсүнүн мүчөсү Токтобүбү Апсатар кызынын жашоосун таасирдүү баяндаган режиссёр Хусейин Кылычтын “Балам үчүн” даректүү тасмасы TRT Belgesel телеканалында көрсөтүлдү.

Аталган тасмада билим алууну кыялданган Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Токтобүбү Апсатар кызынын күнүмдүк турмушу чагылдырылган.

Оор шарттарда чоңойгон балдар жана жокчулук менен күрөшкөн ата-энелердин шыктандырган окуяларын экрандаштырган режиссёр Хусейин Кылычтын “Балам үчүн” даректүү тасмасында “Манас” университетинин студенти жана бүтүрүүчүсү Токтобүбүнүн жүрөк сыздаткан баяны көрүүчүлөргө терең таасир калтырды.

Тасмада Кыргыз-Түрк “Манас” университети Токтобүбүнүн университетте окуу кыялын орундатып, окуу жайдын ага өмүр бою “Манастык” болуу мүмкүнчүлүгүн бергени да баса белгиленди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2MAODDtncD/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү