Студенттер ТРТ Авазда "Манас" университетин сыймыктануу менен таанытышты


  • 2024-01-17

Жакында Кыргыз-Түрк "Манас" университети Түркиянын ТРТ Аваз телеканалынын “Түрк дүйнөсүнүн университеттери” программасында таанытылды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети тууралуу атайын маалыматтык-аналитикалык репортаж Түркия Республикасынын мамлекеттик ТРТ Аваз телеканалында кѳрсѳтүлдү. Репортаж телеканалдын “Түрк дүйнѳсүнүн университеттери” аталышындагы программасынын негизинде тартылып, ал "Манас ТВ" каналынын (КТМУнун телевидение мүдүрлүгү) кызматкерлери жана студенттери менен биргеликте даярдалды.

Тасмада студенттер: Айдай Ѳмүрбекова, Элдияр Асылбеков, Хатиже Муратова жана Бурак Жан алып баруучулук кызматын аткарышып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин сыймыктануу менен таанытышты. Алар студенттердин ыңгайлуу шартта, сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттары бар заманбап үлгүдѳгү "Манас" университетинин факультеттери, жетишкендиктери жана студенттердин жашоосу тууралуу айтып беришип,  Түрк дүйнөсүнүн жаштарын "Манас" университетинин студенти болууга чакырды.

Репортаждын жүрүшүндѳ окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк "Манас" университети дүйнөнүн 1000 эң мыкты университеттеринин рейтингинде 800-орунду ээлегендиги, күчтүү профессордук-окутуучулук курамы, дүйнөлүк стандарттагы билим берүү ыкмасы жана студенттерге багытталган ѳзгѳчѳ мамилеси менен айырмаланып турарын айтып, "Өзгөрмөлүү дүйнөдө туруктуу инсандык сапаттарга ээ болуп, билим аркылуу бүткүл дүйнѳгѳ, адамзатка, түрк дүйнѳсүнѳ жана ѳз ѳлкѳңѳргѳ ак дилден кызмат кылгыла", -деп билдирди.

Программанын жүрүшүндө декандар да өз факультеттери тууралуу кеңири маалымат беришти.

Бул боюнча репортажды тѳмѳнкү шилтемеден кѳрѳ аласыздар:

Türk Dünyası Üniversiteleri Programı: https://www.youtube.com/watch?v=JVhW7z5BSgk

Manas TV'nin Kamera Arkası Haberi: https://www.youtube.com/watch?v=KqHIb8GGgN4

Haberin Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/5050-manasl-renciler-trt-avazda-niversitelerini-anlatt.html

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү