ЧЕТ ТИЛДИ (АНГЛИС ТИЛИ, ОРУС ТИЛИ, НЕМИС ТИЛИ) БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР


  • 2024-01-19

Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү 2024-жылдын 01-февраль күнү  Кыргызстан убактысы боюнча 17.00

2023-2024-окуу жылында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2024-жылдын 04-февралында өткөрүлө турган Жазгы семестрдеги чет тилди (англис тили, орус тили, немис тили) тил билүү деңгээлин аныктоо жана тилден бошотуу сынактарына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

ALMANCA DİLEKÇE ÖRNEĞİ

DİLEKÇE ÖRNEĞİ

 

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

                                           СЫНАКТЫН

         КҮНДӨРҮ

            ТҮРҮ   

          УБАКТЫСЫ

04-ФЕВРАЛЬ 2024-Ж.

Чет тилди

билүү деңгээлин аныктоо

жана  

чет тилден бошотуу сынактары

Англис тили

İNG-110 (орто кесиптик билим берүү программалары КЖМ)

       11.00 – 12.00

İNG -112

       11.00 – 12.00

Орус тили

RSC 104

       13.00 – 14.00

Немис тили

    -

       14.00 – 15.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Чет тилден бошотуу сынактарына (İNG 110 / İNG 112 коддуу сабактар үчүн)          бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.

Чет тил катары окутулган RSC-104 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына чет өлкөлүк бакалавр программасында билим алган 1-курсттун студенттери катыша алат.

Немис тилинен бошотуу сынагына немис тили сабагын окуй турган студенттер катыша алат.

 

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынактары (англис тили, орус тили, немис тили) онлайн форматта, төмөндөгү платформалар аркылуу жүзөгө ашырылат.

Англис тили  

E-ders

Орус тили 

Google Classroom 

Немис тили

Google Classroom 

 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

Өткөрүлө турган сынактарга катышкысы келген студенттерибиз 2024-жылдын      01-февраль, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта сынакка кире турган тилге тиешелүү координаторлуктун (manas.edu.kg аталышындагы) электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

İNG 110 / İNG 112 коддуу англис тили сабактары үчүн

ydb.ingilizce@manas.edu.kg

RSC 104 кодундагы сабактар үчүн

svetlana.parmanasova@manas.edu.kg

Немис тили сабактар үчүн

ydb.almanca@manas.edu.kg

Эскертүү: Англис тили сабагынан "Тилден бошотуу сынагына" катышуу үчүн, орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери каттоо учурунда сөзсүз түрдө     İNG-110 «Англис тили» сабагын; ал эми бакалавр программасынын студенттери İNG-112 «Англис тили II» сабагын белгилеши керек. Сабакты белгилебеген студенттер аталган сынакка кире албай калышат.

Тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.

    Социалдык медиада бөлүшүү