Ректор Жейлан Анадолу агенттигинин "Жылдын кадрлары" добуш берүүсүнө катышты


  • 2024-01-23

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Анадолу агенттигинин (AA) "Жылдын кадрлары" добуш берүүсүнө катышты.

Профессор Алпаслан Жейлан AAнын фотожурналисттери жана кабарчылары тарабынан өлкөдө жана чет өлкөдө тартылган “Айлана-чөйрө – жашоо”, “Жаңылыктар”, “Спорт”, “Жер титирөө: Үмүт” жана “Газа: Далил” категорияларындагы сүрөттөрдү карап чыкты.

Алпаслан Жейлан “Айлана-чөйрө – жашоо” категориясында Сайим Харманжынын “Тоолор арасында” жана Иса Терлинин “Босфордун күбөсү” кадрларына добуш берди.

Ректор Жейлан “Жаңылыктар” категориясында Махмут Сердар Алакуштун “Асман акробатикасы”, Айтуг Жан Санжардын “Түркиянын жүз жылдыгы” жана Мурат Куланын “Палестинаны колдоо”  жана “Спорт” категориясында болсо Өмер Сержан Каркуштун “Метенин үлпөт тою” менен Өзгүн Тирандын “Согуш талаасында” аттуу сүрөттөрүн тандады.  

Профессор Алпаслан Жейлан бул жылы атайын кошулган “Жер титирөө: Үмүт” категориясында Мухаммед Энес Йылдырымдын “Баары бирөө үчүн”, Айтуг Жан Сенжардын “Жер титирөөнүн үмүтү” жана Халил Фидандын “Күтүү”, “Газа: Далил” категориясындагы добуш берүүсүндө Ашраф Амранын “Жанымда бол, апа!” менен Белал Халеддин “Үмүтсүз өмүрлөр” сүрөттөрүнө добуш берди.

“Анадолу агенттиги биздин көзүбүз жана кулагыбыз”

Алпаслан Жейлан добуш берүүдөн кийин берген маегинде: “Анадолу агенттиги биздин көзүбүз жана кулагыбыз”,- деп, күн тартибиндеги жаңылыктарды АА менен ТРТнын кабардар болушарын билдирди.

Ректор Жейлан AAнын кабарчылары тарткан сүрөттөрдү абдан жактырганын, бул сапаттуу жана кооз кадрлардын арасынан тандоодо кыйналганын айтты.

ААга берген маектин жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Айрыкча жер титирөөдөн көп сабак алдык. Палестинадагы окуялар бизди абдан капа кылды, бирок келечекке үмүт менен караткан Түркиянын жүзүнчү жылы башталды. 2024-жылы жакшы күндөрдү баштан өткөрөбүз деген үмүттөнөбүз”,- деди.

 

Анадолу агенттиги, “Манас” телеканалы

Haberin Videosu:

https://youtu.be/OXnoa0ClbiY

Haberin Fotoğrafları:

http://mediamanas.kg/lang-tr/5056-rektr-ceylan-aann-yln-kareleri-oylamasna-katld.html

https://www.instagram.com/p/C2edpfFt1LO/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA=

    Социалдык медиада бөлүшүү