XIV Сергек жашоо жана спорт оюндары спартакиадасы старт алды


  • 2024-01-25

2024-жылдын 22-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында ѳткѳрүлүүчү салтка айланган кышкы спартакиада оюндары башталды.

Мелдештер КТМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун ачык жана жабык спорт аянтчаларында 2024-жылдын 19-майына чейин улантылат.

Спортту жайылтуу жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган XIV Сергек жашоо жана кыш спорт оюндары волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат, жыгач күрөш, кол күрөш, футбол, жеңил атлетика жана жаа атуу боюнча 9 багытта өтөт. Спорттук иш-чарага факультет, кесиптик жогорку мектеп, институт жана структуралык бөлүмдөрдөн командалар достук мелдешине катышып, спорттун бириктирүүчү күчү менен университеттин жамааты биримдикти, ынтымакты, достукту, ынтымакты бекемдейт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2gx7ShNiwG/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү