Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын “Манас” университетине зыяраты


  • 2024-01-27

2024 – жылдын 24-январында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гульмира Уметалиева Кыргыз-Түрк “Манас” университетин зыярат кылды.

Зыяраттын жүрүшүндө “Манас”университетинин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана Гульмира Уметалиева КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен университеттин ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты.

Гульмира Уметалиева “Манас” университети менен кызматташуу Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошоорун баса белгиледи. Жолугушуулар достук маанайда өткөнүн белгилеген Уметалиева “Манас” университетинин кызматташууга болгон жылуу мамилесине ыраазы экенин билдирди.

Зыяраттын соңунда “Манас”телеканалына конок катары келген ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гульмира Уметалиева университетибиздин сапаттуу жана акысыз билим берүүсү, ишмердүүлүгү тууралуу жылуу пикирин бөлүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2l8j-GtcI-/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү