Маданияттар аралык байланыш салттуу спорт жана оюндар энциклопедиясы менен бекемделип жатат


  • 2024-01-28

2024-жылдын 26-январында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы (WEC) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттуу спорт жана оюндар энциклопедиясы” долбоорунун алкагында онлайн жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, КТМУнун Салттуу оюн жана спорт изилдөө институтунун директорлор кеңешинин мүчөсү жана университетибиздин башкы катчысы, профессор Октай Өзгүл, КТМУнун GOSAE директорунун орун басары, ага окутуучу, док. Уланбек Алимов, КТМУнун гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, док. Жылдыз Алимова жана улук окутуучу Рахат Аскарова, Анкара Хажы Байрам Вели университетинин Салттуу спорт жана оюндарды колдонуу жана изилдөө борборунан (GSOMER) окутуучу Dr. Зейнеп Сафие Баки Налжыоглу, Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу институтунан доцент Феруза Джуманыязова, Россия Федерациясынын Тыва Республикасынын Кызыл шаарындагы Тыва Улуттук университетинен профессор Инга Мендот катышты.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы ишке ашырып жаткан “Салттуу спорт жана оюндар энциклопедиясы” долбоору дүйнө жүзү боюнча салттуу спорт жана оюндарын аймактык изилдөө, топтоо, тизмелөө жана жарыялоо максатын көздөйт. Бул комплекстүү изилдөөнүн максатына салттуу спорт жана оюндарды сактап калуу, унутулуп бара жаткандарын кайра жандандыруу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү кирет.

Долбоордун ишмердүүлүгү Африка, Европа, Түштүк Америка, Түндүк Америка, Кариб деңизи, Азия, Борбордук Азия жана Түркияны камтып, пилоттук аймак катары тандалган Түркия бөлүгү аягына чыкты. Эми кезек Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Салттуу оюн жана спорт изилдөө институтунун жетекчилигинде Борбордук Азияга келди.

Долбоор ар бир спорттун, оюндун аты, анын ар кайсы аймактардагы аталышы, жайылуусу, керектүү жабдуулар, аткаруучулар, мазмуну жана аны ойноо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр, жергиликтүү жана эл аралык маалымдуулугу, таанылуусу (федерация, фонд, клуб, уюм, фестиваль, иш-чара ж.б. тармактарда) жана сүрөтү сыяктуу аталыштардын негизинде түзүлөт.

Долбоордо макала жазуучулары тиешелүү тармактагы академиялык изилдөөлөрүнө, басылмаларына жана жыйнак иштерине жараша тандалат. Энциклопедия тарых, адабият, дене тарбия, балдарды өнүктүрүү жана фольклор сыяктуу гуманитардык жана коомдук илимдердин ар түрдүү тармактарынан спорт, оюндар тармагында иштеген кесипкөй адистерди чогултуу менен, дисциплиналар аралык көз карашта даярдалат. Редакциядан өткөн макалалар “Салттуу спорт” же “Салттуу оюндар” деп белгиленген эки негизги теманын биринде алфавиттик тартипте жарыяланат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жыйында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз “Манас” университетинде XII Эл аралык түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын симпозиумун ийгиликтүү өткөрдүк жана бул симпозиум глобалдык катышууну шыктандырып, түрдүү аймактардан кесипкөй адистердин жолугушуусуна шарт түздү”, - деди.

Дүйнө жүзүндө салттуу спорт майданына ээ болгон биринчи университет – “Манас” университети экенин баса белгилеген ректор Жейлан, салттуу оюндардын түрк дүйнөсүнүн ортосундагы достуктун жана тилектештиктин символу экенине токтолду. “Салттуу спорт оюндарынын максаты – жеңүү гана эмес, боордоштук сезимди арттыруу, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды сактоо жана  бөлүшүү”, - деп айтты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2uOPVBtcKd/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү