“Манас” университетинин кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбасы “Кут билим” гезитинде


  • 2024-01-29

“Манас” университети негизделгенинен тарта кыргыз тилинин өнүгүүсү жана жайылуусу үчүн бир катар окуу китептерин иштеп чыккан. Чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү бөлүмүнүн кыргыз тили координаторлугунун окутуучусу Венера Туратбек кызы КТМУнун кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбасы тууралуу “Кут билим” коомдук-билим берүү жана илимий-популярдуу гезитине берген интервьюда айтып берди.

2024-жылдын 24-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин жыйындар залында өткөн репортажда окутуучу Венера Туратбек кызы “Манас” университетинин кыргыз тилин окутуудагы жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат берди. 

Дүйнөнүн булуң-бурчунан билим алуу үчүн келген чет элдик студенттерге кыргыз тилин окутууда колдонулган эффективдүү усул-ыкмалар тууралуу деталдуу айтып берген Венера Туратбек кызы тил үйрөтүүдөгү төрт негизги жөндөмгө токтолуп, андагы маектешүү жөндөмүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Репортаждын жүрүшүндө тил үйрөтүү чоң изденүүнү талап кыларын билдирди.

Ар бир студенттин психологиясы, менталитети ар башка болгону үчүн ар бирине өзүнчө мамиле кылуу, көңүл буруу керектигин айткан Венера Туратбек кызы университетте мугалимдер жаш балдардын психологиясы, жалпы психология сабактарынан сынактарга киришерин кошумчалады.

Мындан тышкары, замандын талабына ылайык жаңы окуу топтомдорун иштелип чыкканын билдирди. Акыркы 5 жылдан бери колдонулуп жаткан кыргыз, түрк жана орус тилдери боюнча “Алтын көпүрө” аталышындагы китептин өзгөчөлүгү - Европа стандарттарына ылайыкташтырылганын жана методиканын эффективдүү экенин баса белгиледи.

Венера Туратбек кызы өз сөзүндө мындай эффективдүү усулдук-ыкмаларды Кыргызстандын булуң-бурчунда жайылтуу боюнча тынымсыз иштер университет негизделгенден тарта жүргүзүлүп, окутуучулар аймактарда семинар, конференцияларды өткөрүп келишерин айтты. Маек Венера Туратбек кызынын жеке мугалимдик тажрыйбасындагы кызыктуу окуяларды бөлүшкөнү менен соңуна чыкты.

Репортаждын толугун “Кут билим” гезитинин 2024-жылдын 1-февралындагы жаңы санынан окусаңыздар болот.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2rpFtEtSVI/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү