Онлайн мангала турниринин сертификат тапшыруу аземи болуп өттү


  • 2024-02-01

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын техникалык колдоосу менен пландаштырылып, студенттик кеңеш башкармалыгына караштуу E-Spor клубу жана КТМУнун Карьера кеңсесинин кызматташуусунда биргеликте уюштурулган онлайн мангала турнири 2023-жылдын 22-декабрында болуп өткөн. Бул унутулгус иш-чаранын сертификатын тапшыруу аземи  2024-жылдын 31-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук кеңсесинде болуп өттү.

8 топтон турган таланттуу оюнчулар ортосундагы мелдеште биринчи орунду Махабат Айдакеева, экинчи орунду Бекназар Жанибеков, ал эми үчүнчү орунду Назира Улукбек кызы камсыздап, аларга сертификаттарды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тапшырды.

Сертификат тапшыруу аземинде ректор, профессор Алпаслан Жейлан студенттерге мындан ары да ийгиликтерди каалап, турнирди уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

“Манас” университети уюштурган онлайн мангала турнир аркылуу студенттерине динамикалуу жана кызыктуу платформа тартуулоо менен киберспорттун университеттин маданиятында маанилүү орду бар экенин көрсөттү.

Турнирге катышкан бардык студенттерге жана өткөрүүгө салым кошкон кызматкерлерибизге ыраазычылык билдирип, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2z4OynNJiL/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү