Өзбекстандык студенттерге маалымат берүү үчүн чогулуш уюштурулду


  • 2024-02-01

2024-жылдын 31-январында “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан университетибизде билим алып жаткан өзбек улутундагы студенттерибизге маалымат берүү үчүн жыйын болуп өттү.

Жыйын “Манас” университетинин проректору, доцент Камалбек Карымшаковдун ачылыш сөзү менен башталды. Доцент Карымшаков өз сөзүндө университетибиз маданияттар аралык өз ара аракеттенүүгө чоң маани берерин белгиледи. “Ар түрдүү маданияттар чогулган бул өз ара аракеттенүү чөйрөсү – эл аралык достугубуздун белгиси”, - деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө консул Отабек Тураев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында калуу тартиби жөнүндө жобо тууралуу кеңири маалымат берди. Консул Тураев өз сөзүндө: “Бүгүн биз сиздер менен таанышып,  маанилүү маселелер боюнча маалымат бөлүшүү үчүн келдик. “Манас” университетинде билим алып жатканыңыздар үчүн абдан бактылуу экениңиздерди унутпаңыздар. Университеттин жатаканасынын болуусу дагы өзүнчө артыкчылык”, - деп айтты.

Чогулушта студенттерге паспорт жана визага тапшыруу арыздары менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси тууралуу маанилүү маалыматтар берилди. Консул Тураев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, студенттердин суроолоруна кылдаттык менен жооп берди.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C21_L0xto9-/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү