Билим берүү жана илим министри Кендирбаева “Манас” университетине келди


  • 2024-02-05

2024-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде конок болду.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын ректорлук кеңсесинде кабыл алынган Билим берүү жана илим министри Кендирбаева “Манас” университетинин акыркы төрт жыл ичинде эл аралык аренадагы ийгиликтерин баса белгилеп, сөзүн мындай деп баштады: “Манас” университети Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана жаңы муундун билим алуусуна  чоң салым кошкон маанилүү окуу жай. Биз анын дүйнөлүк деңгээлде  жетишкен ийгиликтери менен ар дайым сыймыктанабыз. Мындан ары да чоң ийгиликтерге жетишет деп чын жүрөктөн ишенебиз.”

Билим берүү жана илим министринин университетибизге келгенине кубанычта болгон ректор, профессор Жейлан “Манас” университети катары инновацияларга жана өнүгүүлөргө ар дайым ачык экенин белгиледи. Заман талабына ылайык билим берүүгө маани берилгенин кошумчалаган ректор Жейлан: “Педагогикалык стандарттарды эл аралык деңгээлде улантуу  үчүн конкреттүү кадамдарды жасап, университетибизди дүйнөлүк рейтингге алып чыгуудабыз", - деди жана QS World University Rankings рейтингинен кийин биздин университет QS Stars University Ratings программасына табыштама жөнөткөнү жөнүндө айтып берди.

Жолугушууда министр Кендирбаева акыркы убактардагы эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы ынтымак жана кызматташтык өлкөлөр үчүн билим берүүгө, маданиятка жана экономикага салым кошорун айтып, анын эң мыкты жана конкреттүү үлгүсү - “Манас” университети экенин баса белгиледи. Түрк элдеринин биргеликте ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүүсү, муну мындан ары да улантуусу дүйнөлүк аренага маанилүү билдирүү бергенин белгиледи.

Кендирбаева өз сөзүндө жакында курула турган Технопарк боюнча иштер бүтөөрүн айтып, анын курулушунда “Манас” университетинин теориялык жактан да, практикалык жактан да алдыда болуу каалоосун билдирди.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жолугушуунун жүрүшүндө магистратура программаларына байланыштуу маселелерди чечүү боюнча иштер башталганын жана мүмкүн болушунча тез арада бир бүтүмгө келишерин билдирди.

Жолугушуудан кийин министр “Манас” телеканалы жана “Манас” радиосуна барып, “манастык” студенттердин  мындай мүмкүнчүлүктөрү бар Кыргызстандагы жалгыз университетте билим алуусу чоң бакыт экенин айтты.

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C29Ukbzt3oh/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү