Мектеп окуучуларына “Манас” университетинде экскурсия уюштурулду


  • 2024-02-11

2024-жылдын 7-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Чүй облусунун Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы Эсенжан Кожомкулов атындагы орто мектебинин окуучулары эстен кеткис экскурсияга келишти. Окуучуларды аталган мектептин адам жана коом предметинин мугалими Самара Омуралиева менен физика мугалими Самат Супатаев коштоп келишип, экскурсия аларга заманбап билим берүү тууралуу жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүн берди.

“Манас” университети заманбап билим берүү системасы аркылуу түрк дүйнөсүнүн жаш муундарын аң-сезимдүү, өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялап өстүрүү миссиясы менен айырмаланат.

“Манас” университетине болгон саякаттын жүрүшүндө окуучулар Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчаны кыдырышып, универсалдуу окуу жайдын студенттер үчүн түзгөн бардык шарттары жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кайтышты. КТМУнун билим берүү системасы тууралуу деталдуу маалымат берген окутуучулар окуучулардын кызыкдырган суроолоруна жооп беришти.

КТМУнун мүмкүнчүлүктөрү анда окууга окуучуларды кызыктырып, экскурсия аларга чоң кубаныч тартуулады. Экскурсиянын соңунда окуучулар КТМУдан эстен кеткис көз ирмемдер менен кайтышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3HzMOTNdKs/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү