“Манас” университети 6-февралдагы зилзаланы унуткан жок


  • 2024-02-14

2024-жылдын 13-февралында 6-февралдагы зилзаланын бир жылдыгына карата КТМУнун кесиптик жогорку мектеби тарабынан жер титирөө тууралуу маалымдуулукту арттыруу максатында эмоцияга толгон иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жана издөө-куткаруу тобу, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, кесиптик жогорку мектебинин мүдүрү, Доц.м.а.док. Махмут Вурал, профессордук-окутуучулук курам жана көптөгөн студенттер катышты.

Программанын алдында коноктор 6-февралдагы жер титирөө боюнча маалымат фотосүрөт көргөзмөсүн көрүштү. Зилзаланын азаптуу эскерүүлөрүн чагылдырган кадрлар эмоционалдуу сезимдерди жаратты.

Алгач 6-февралдагы жер титирөөдө каза болгон Түркия Республикасынын жарандарын эскерип, бир мүнөт унчукпай туруу менен башталып, андан соң эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 6-февралдагы жер титирөөдө түрк элдеринин жана адамзатынын бир арага чогулуп, маанилүү тилектештик көрсөткөнүн билдирди. Айрыкча, жер титирөөдө бир туугандык түшүнүгү канчалык баалуу экени дагы бир жолу көрсөтүлгөнүн билдирди. “Биз 7 миллион Кыргызстан эмес, 300 миллиондон турган түрк үй-бүлөсүбүз. Бул нерсени түшүнгөнүбүздө бардыгын чече алабыз” , - деди. Өзгөчө Кыргызстандан барган топтун издөө-куткаруу тобунун иштериндеги ийгиликтерин баса белгиледи. 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Кыргызстандан чогултулган жардамды Түркияга жөнөтүүдө “Манас” университетинин кызматкерлери жана студенттеринин кылган аракеттери менен сыймыктанарын билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети катары жер титирөөдөн кийин Кыргызстанга жана издөө-куткаруу тобуна тил үйрөтүүдө жардам беришкенин да белгилеп, иш-чараны уюштурууга салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирүү менен сөзүн жыйынтыктады.

“Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова өз сөзүндө издөө-куткаруу тобун асыл жана жардам берүүнү сүйгөн адамдар катары сыпаттап, аларга болгон ишенимин баса белгиледи. Издөө-куткаруу тобу менен сыймыктанарын айткан биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова бул кесиптин ыйыктыгын белгилеп, ийгиликтерди каалады.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов адамдын өмүрүн эч кандай байлык, алтын жана бийлик менен теңөө, кайсы бир нерсе менен баалоо мүмкүн эместигин белгиледи. Шамырканов адам өмүрүн сактоодо билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, университеттин жетекчилигине студенттерге жарандык коргонуу боюнча сабактарды өтүү сунушун айтты.

Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов 6-февралдагы Түркиядагы зилзалада активдүү роль ойногон издөө-куткаруу тобуна мактоолорду айтып, алардын күжүрмөн эмгегинин жыйынтыгында канчалаган өмүрлөрдү сактап калышканын билдирди. Баатырдык окуялар менен ар дайым сыймыктанып келгенин белгилеген Шамырканов жер титирөө тууралуу башынан өткөргөн кайгылуу тажрыйбалары менен бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КТМУнун кесиптик жогорку мектебинин курулуш программасынын окутуучусу, профессор Эбру Дурал “Кахраманмараштагы жер титирөөлөр жана жер титирөөлөргө каршы көрүлө турган чаралар” темасында баяндама жасады.

Баяндамадан кийин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановго “Манас” университети тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Мындан тышкары, издөө-куткаруу тобуна ак ниет эмгектери үчүн белектер да берилди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3VgtJzNIB3/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C3VM0vtNQLX/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/reel/C3VEWgEtNtX/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү