Ректор, профессор Алпаслан Жейландан кыргыз окутуучуларга кубанычтуу кабар


  • 2024-02-15

2024-жылдын 14-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ректораттын жыйындар залында докторантура программасын бүтүргөн жана Доц.м.а.док. болуп иштеп жаткан кыргыз окутуучулар менен жолугушуп, маалымат жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө ректор Жейлан Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып баруунун жыйынтыгында университетибиз кыргыз окутуучуларга кубанычтуу кабар берди.

Буга ылайык, университетибизде Доц.м.а.док. наамы менен иштеген кыргыз окутуучуларыбыздын дипломдору жана доценттик наамдары боюнча эч кандай көйгөй калбаганын, доценттикке тапшыруу мүмкүнчүлүгү ачылганын билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан бул жагымдуу кабары менен бирге окутуучуларды тез арада доценттикке тапшырып, тиешелүү документтерди бүтүрүүнү суранды.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: “Бул процесстин тез алдыга жылуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын колдоосу суктандырат. Аларга университетимдин жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алардын аракети жана демилгелери менен бул кубанычтуу кабарды бергениме  абдан кубанычтамын”, - деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан командалык иштөөгө басым жасап: “Бул университетте иштөөнүн биринчи максаты ийгиликтүү болуу. Жаңы технологияларга жана өнүгүүлөргө жетишүү биздин эң негизги максатыбыз. Сиздерден каалаганыбыз  жалгыз ушул нерсе. Эгерде биз муну ишке ашыра алсак, биримдигибизди жана ынтымагыбызды коргой алсак, мындан да жакшы жетишкендиктерге жете алабыз.”

Мындан тышкары, ректор Жейлан Түркиядан доценттикке тапшыра турган кыргыз окутуучулары дуушар болгон тил билүү тоскоолдугун да жок кыла тургандыктарын билдирди. “Ушундай жол менен орус тилин чет тил катары колдонгон кыргыз окутуучуларыбыз  Түркияда да доценттикке тапшыруу укугуна ээ болушат”, - деди .

Ректор Жейлан бул прогресс университеттин келечегине жасалган маанилүү инвестиция экенин белгилеп, окутуучулардын дагы да жемиштүү иш алып барып, университеттин ийгиликтерине салым кошуу менен бирге бул ийгиликтердин негизинде башкаруу командасына кошулууга чакырды. “Биргеликте ишке ашыра турган ийгиликтүү иштерибиз менен университетибиздин атын дагы да бийиктиктерге алып чыгарыбызга ишенем”, - деди.

Ректор Жейлан өз сөзүндө бул процесске салым кошкон университет жетекчилигинин кылдаттык жана берилүү менен иш алып баргандары үчүн ыраазычылык билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3YJCDJNOn8/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү