“Манас” университети “2024 Жибек жолу Түркиялык университеттер” билим берүү жарманкесинде


  • 2024-02-16

2024-жылдын 15-февралында Бишкек шаарындагы “Хаят” мейманканасында өткөрүлгөн “2024 Жибек жолу Түркиялык университеттер” билим берүү жарманкеси мыкты билим алууга умтулган жаштарга эшигин ачты.

Жалпысынан 20 университеттин катышуусунда өткөрүлгөн жарманкеге Кыргыз-Түрк “Манас” университети баш болгон Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан университеттердин өкүлдөрү келишти. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кенешчилигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чараны мектеп окуучулары, студенттер жана алардын үй-бүлөлөрү тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Билим берүү жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев “Манас” университетине жогору баа берди. “Манас” университетинин дүйнөдөгү 1000 университеттин катарына киргени менен сыймыктанарын билдирди. Сариев: “Манас” университети - Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана күчтүү университеттердин бири катары атын эл аралык деңгээлде ийгиликтүү түрдө таанытууда”, - деп “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Министр Темир Сариев университетке тапшырууну каалагандарга кайрылып, “Билим алууга көңүл буруп, өлкөбүздү улуттук жана эл аралык аренада эң мыкты деңгээлде таанытасыздар деп ишенем”, - деп сөзүн аяктады.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир ачылыш сөзүндө Түркиядан келген университеттердин билимге кошкон салымына токтолду. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Борбор Азиядагы эң мыкты университеттердин бири катары алдыга чыгып, бул географияда билим берүүнүн сапатына салым кошуу менен өзгөчөлөнүп жатат”, - деген билдирүүлөрү менен чейрек кылымдан ашык тарыхы бар “Манас” университетинин ийгиликтерин баса белгиледи.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сөзүн Борбор Азиянын байыркы өлкөсү болгон Кыргызстандан дүйнөлүк мураска эң чоң салым болгон “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтуу менен баштады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: “Ушул берекелүү аймактан тамыр алган билим берүү мекемеси катары биримдикти, ынтымакты жана бир туугандыкты эң жогорку баалуулуктар менен көрсөтүүгө аракет кылабыз. 1995-жылы баштаган билим берүү жолубузда сыймыктануу менен айта алган ийгиликтерге жетишип, дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин арасында 800-орунга кирдик. Түркиядан келген кымбаттуу университет жетекчилерин Кыргызстанда коноктоп жатканыбызга абдан кубанычтабыз”, - деди.

Билим берүү жарманкесинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети чоң кызыгуу жаратты. Окуу жайга тапшырууну каалагандар тактабызга келишип, маалымат алышты.

 “Манас” университети сапаттуу жана акысыз билим берүү менен бирге заманбап технологиялар, бай лабораториялык базалар менен жабдылган. Жатакана жана стипендия мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү тармагындагы ийгиликтери жана бүтүрүүчүлөрдүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишке орношуусу “Манас” университетин тандоого себеп экенин айтышты.

Жарманкеге келген коноктор университеттердин кабыл алуу шарттары, факультет тандоо, стипендия мүмкүнчүлүктөрү жана жатакана тууралуу деталдуу маалыматка ээ болушту. Билим дүйнөсүнө эшигин ачкан бул иш-чара жаштарга келечекке жаркын көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3ZkBqiNuV0/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C3XELL9NNEP/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/reel/C3XF1ystSo7/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/reel/C3XGdnst7_q/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү