Жазгы семестрдеги “Манастын” элеттеги мектептерде жолугушуулары башталды


  • 2024-02-21

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясы 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестри үчүн башталган “Манастын” элеттеги мектептерде жолугушуулары” аттуу социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында 2024-жылдын 17-февралында Чолпон-Ата шаарындагы президенттик "Акылман" лицейине барды.

Университеттин делегациясы бул жолугушууда президенттик “Акылман” лицейинин директору Эмил Рыскулов, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Салтанат Жапарова, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асан Байзаков, Борбордук Азиядагы Америка университетинин физика-математика илимдеринин кандидаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Сыргак Кыдыралиев, Ысык-Көл облусундагы математика мугалимдери, ата-энелер, орто мектептердин мугалимдери жана окуучулар менен жолугушту.

Долбоордун жетекчиси, “Манас” университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, профессор Кемал Полат иш-чаранын ачылышын сөзүн сүйлөп, анда делегациянын максаттары менен бөлүштү. Жолугушууга “Манас” университетинин табигый илимдер факультетинин окутуучусу, профессор Анаркүл Урдалетова да делегация менен бирге катышты.

2024-жылдын 17-февралындагы сапардын алкагында “Манас” университетинин делегациясы президенттик “Акылман” лицейинин директору Эмил Рыскулов менен жолугушту. Делегациянын жетектеген “Манас” университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, профессор Кемал Полат долбоордун максатына токтолуп, окуучуларга кесип тандоодо жана карьераны пландоодо жол көрсөтүү, “Манас” университетин таанытуу жана университеттин басылмаларынан китептерди мектеп китепканасына белек кылуу максатында келишкенин билдирди.

Сапардын жүрүшүндө “Манас” университетинин сапаттуу билим берүү, көп тилде окутуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык социалдык жоопкерчилик иш-чаралары тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөн профессор Кемал Полат “Манас” университетинин QS Дүйнөлүк университеттер арасында алдыңкы 800 университеттин катарына киргендигин да баса белгиледи.

Жолугушуунун жалпы тааныштыруу программасынан тышкары, профессор Кемал Полат класстарда окуучулар менен чогулуп, карьера пландоо жана ийгиликке жетүү тууралуу маектешти. Окуучулардын  суроолоруна жооп берүү менен бирге профессор  Кемал Полат “Манас” университетинин билим берүүсү жана студенттик жашоосу тууралуу кеңири маалымат берди.

Лицейдин  директору Эмил Рыскулов университеттин делегациясынын сапарына кубангандыгын билдирип, кызматташтыкты бекемдөөгө жана илимий, маданий программаларда кызматташууну дагы да күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоо максатында салынган президенттик “Акылман” лицейинин максатын жана маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында уюштурулган “Математикада жаңы ыкмалар” аттуу семинардан тышкары көргөзмө да өткөрүлдү. Профессор Анаркүл Урдалетова окуучуларга “Финанс эсетɵɵлɵр жана диференс теңдемелер” деген темада семинар өтүп, университеттин басылмалары менен тааныштырды. Интернет аркылуу уюштурулган математика сынагына “Манас” университетинин атынан катышкан профессор Анаркүл Урдалетова  1-орунду алып  университетти сыймыктандырды.

Жолугушуунун соңунда “Манас” университетинин басылмалары тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3pKz6TtwIo/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү