“Манас” университетинде Азербайжан маданиятын таанытуу күнү


  • 2024-02-22

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2024-жылдын 21-февралында “Борбордук Азияда Азербайжан маданиятын таанытуу күнү” иш-чарасы өткөрүлдү.

Азербайжандын Маданият министрлиги, “İpekyolu” (“Жибек-жолу”) коомдук дипломатия фонду, Азербайжан жаштары билим берүү коомдук бирикмеси, Азербайжандын “Yeni Çağ” (“Жаңы доор”) медиа тобу, Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте уюштурулган иш-чара коммуникация факультетинин фойесинде жана кинозалында өттү.

Иш-чарага Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Шахин Искендеров, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана таанытуу иштери боюнча кеңешчиси Алпаслан Акынжы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, “İpekyolu” (“Жибек-жолу”) коомдук дипломатия фондунун төрагасы, доцент Сейфуллах Түрксой, Азербайжандын “Yeni Çağ” (“Жаңы доор”) медиа тобунун төрагасы Агил Алесгер, Кыргызстан Ахыска түрктөрү коомунун төрагасы Атамша Дурсунов, профессордук-окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын башында бүткүл түрк дүйнөсүнүн баатыр шейиттерин бир мүнөттүк унчукпай эскерип, андан соң үч өлкөнүн гимндери жаңырды.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк: “Бүгүн биз үч бир тууган өлкөнүн бир арада чогулуусунун кубанычын сезип жатабыз”, - деген эмоциялуу билдирүүлөрү менен  катышуучуларга Азербайжан маданияты жана Азербайжан-Кыргызстан-Түркия достугу жана тилектештиги тууралуу айтып берди.

“Түрк улуту азыр 300 миллиондон ашык калкы бар жалгыз улут!”

Проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк өз сөзүндө түрк улутунун мындан ары эки мамлекет эмес, 300 миллиондон ашуун калкы бар жалгыз улут экенин баса белгилеп, “Бул жолугушуу кубанычта да, кайгыда да бирге болуунун эң сонун үлгүсү”, - деди.

Профессор Түрк өз сөзүндө “Манас” университетинде түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын бөлүшкөн, үйрөткөн жана көрсөткөн көптөгөн иш-чараларды уюштуруп жатышканын белгилеп, “Түрк дүйнөсүнүн интеграциясы үчүн ишке ашырып жаткан иш-чараларыбыз биздин университетибиздин милдети. Түрк Дүйнөсүнө салым кошуу биз үчүн сыймык”, -деп катышуучуларга жана программанын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Азербайжандын “Yeni Çağ” (“Жаңы доор”) медиа тобунун төрагасы Агил Алесгер “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип: “Маданияттар кылымдар бою уланат. Түрк дүйнөсү өз маданиятын да, желегин да сыймыктануу менен көтөрүп келген”, - деди. Агил Алесгер түрк маданиятынын, тарыхынын жана туусунун бириктирүүчү күчүн баса белгилеп, “Манас” университетинин бул баалуулуктарга берген маанисин жогору баалагандыктарын билдирди. “Биздин желегибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз биздики. Булардын баарын баалаган университетте келгенибизге сыймыктанабыз,”-деген Алесгер “Манас” университетинин бул мурасты келечек муундарга өткөрүп берүү жоопкерчилигине чоң маани бергендигине токтолду.

“İpekyolu” (“Жибек-жолу”) коомдук дипломатия фондунун төрагасы, доцент Сейфуллах Түрксой, сөзүн тарыхтагы эң улуу мамлекеттик ишмерлердин бири Гейдар Алиев жөнүндө сөз кылуу менен баштады. Ал Гейдар Алиевдин жакын чөйрөсүндөгүлөр менен болгон маектерден алынган маалыматтар менен даярдалган Алиев даректүү тасмасы тууралуу маалымат берди. Даректүү тасма Азербайжандын эң көп көрүлгөн каналында көрсөтүлүп, кийинчерээк китеп болуп басылып, чоң аудиторияга жеткирилгенин айтты. Түрксой өз сөзүндө “Манас” университетинин түрк дүйнөсүнүн жаркыраган күнү экенин белгилеп, Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүүнү гана эмес, маданий байланыштарды чыңдоодо да жигердүү роль ойноорун айтып, сөзүн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирүү менен аяктады.

Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Шахин Искендеров сөзүндө өз өлкөсүнүн тарыхында маанилүү роль ойногон лидер Гейдар Алиевдин берилгендигин баса белгиледи. Ошондой эле Алиевдин жетекчилигинде ок атышпоо жана кол коюлган Бишкек протоколу сыяктуу маанилүү кадамдардын Азербайжандын туруктуулугуна салым кошконун билдирди.

Иш-чара Азербайжан тасмаларынын трейлерлери жана Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата даярдалган даректүү тасманын кыскача баяндамасы менен улантылды.

Программанын ачылышы жана протокол сөздөрүнөн кийин профессор Этибар Бабаев менен доцент Сейфуллах Түрксой тарабынан Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналып жазылган “Hatıralar Işığında Haydar Aliyev” (“Эскерүүлөр боюнча Гейдар Алиев”) китебинин бет ачары өттү. Иш-чаранын алкагында бардык конокторго Азербайжан ашканасынан даамдар тартууланды.

Азербайжан тасмаларын көрсөтүү менен аяктаган иш-чара катышуучуларга түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгон Азербайжан маданиятын жана Гейдар Алиевди эскерүү жана түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3pZ0a7tOIt/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү