Муундар аралык маданият алмашуу: Алтын көпүрө концерти


  • 2024-02-23

2024-жылдын 22-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү эстен кеткис концерт өткөрдү. КТМУнун конгресс жана маданият борборунда өткөн “Алтын көпүрө” концерттик программасы түрк дүйнөсүнүн бай маданиятын жана биримдигин дагы бир жолу жогорку деңгээлде көрсөттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жогорку жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышкан чоң концертке Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан элчиликтеринин кызматкерлери да конок катары орун алышты.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, декан жардамчысы, улук окутуучу Ирфан Гүрдал, музыка бөлүмүнүн башчысы, улук окутуучу Карагул Тиленчиев жана музыка бөлүмүнөн окутуучу, доцент Анарбек Ибраевдин жетекчилигинде өткөн “Алтын көпүрө” концерти КТМУнун “Түрк дүйнөсү” оркестринин дирижеру жана КР Эл артисти Рысбек Жумакуновдун чеберчилиги менен эстен кеткис маанай тартуулап, жүрөктөрдү кубантты.

Программа улук окутуучу Элвира Насырамбекова жана окутуучу Айнура Сагынбаеванын жетекчилигинде “Жетиген”, “Дастан” комузчулар тобу жана “Түрк дүйнөсү” оркестринин Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү менен башталды. Элмирбек Иманалиевдин көпчүлүк сүйүп уккан “Булбулум” ыры түрк дүйнөсүнүн маанилүү ысымы Ирфан Гүрдалдын таасирдүү ой-пикири менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Ирфан Гүрдал менен Элмира Тажиеванын аткаруусундагы өзбек ыры “Мейде мейде” (“Майда-майда”) аттуу ыры залда унутулгус обон калтырды. Элмира Тажиеванын аткаруусундагы “Бахчеде эрик далы” (“Бакчадагы өрүк бутагы”) аттуу элдик ыры Анадолунун жылуу шамалын алып келди.

Концерт Урмат Сатыбалдиевдин “Жалынына күйгөнмүн” жана Айзирек Абдирашитованын “Гүлзарлар” сыяктуу кыргыз музыкасына таандык чыгармалар менен уланды. Сырга Сагынбекованын аткаруусундагы “Жүрөгүмдү өрттөдүң” ыры жүрөгүбүздө из калтыра турган маанай тартуулады. Кыргыз музыкасына “Манас” университети алып келген эки керемет үн Урмат Токомбаев менен Азат Садыков да бири- биринен өткөн сонун чыгармаларды аткарышты. Келечекте көптү үмүттөндүргөн музыка бөлүмүнүн студенттери Адинай Нуркадиева менен Гүлзина Манапова да залды толкунданткан ысымдардын катарын толукташты.

Концерттин коноктору Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Элзар Өскөнбаева жана Аскат Мусабеков унутулгус чыгармаларын ышкыбоз көрүүчүлөргө тартуулашты. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Закирбек Дүйшөнбек уулу “Ак тамак, көк тамак” күүсү менен комуздагы чеберчилигин  көрсөттү.

Программада сахнадан орун алган “Манастын кыздары” бий тобу көрүүчүлөргө “Кыз кыялы” бий менен мыкты маанай тартуулады.

Концерттик программанын соңунда көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттеринин укмуштуудай хордун коштоосунда  аткарган “Түрк дүйнөсүнүн гимни” жана “Кыргызстан” аттуу чыгармалары концертти туу чокуга алып чыкты.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан концерттин жабылыш сөзүндө университеттин дүйнөлүк рейтингдеги ийгилигине басым жасап, “Түрк дүйнөсү” оркестринин бул сыймыктын таажысы экенин белгиледи. Дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин арасында орун алышканын белгилеген ректор Жейлан “Түрк дүйнөсү” оркестринин түрк дүйнөсүнүн алдыңкы оркестри экенин айтты. Ректор Жейлан өз сөзүндө оркестрдин ийгилиги анын кымбаттуу мугалимдер жана өнөр адамдары тарабынан түзүлгөн мыкты курамында экенин баса белгилеп, бул ийгиликти бир гана “Манас” университетине эмес, бүткүл Кыргызстанга жайылтуу максаты менен бөлүштү. Ректор Жейлан: “Бул сонун музыкаларды Оштон Нарынга чейин баары угушу керек”, - деп жакынкы арада  Кыргызстандын бардык аймактарында концерттер уюштуруларын билдирди.

Ректор Жейлан өз сөзүндө концерттин максатын мындай түшүндүрдү: “Бүгүнкү концерттин максаты - Кыргызстаныбыздын сонун ырларын, элдик ырларын жаштарыбызга жеткирүү, уктуруу. Анткени маданият - бул жашаган фактор. Жаңы муундарга өткөрүп бербесеңиздер, кийин өкүнүч болот, себеби ал өлөт. Эне сүтүндөй аппак кыргыз тилибизде ырдалган ырларыбызды жаштарыбызга жеткиришибиз керек. Университетибиз жаш муундар менен мурунку муундар арасында маданият жеткирүүдө, ошол эле учурда Түркия менен алтын көпүрө кызматын көрсөтүүдө. Ошондуктан бүгүнкү концерттин темасы – Алтын көпүрө.”

“Манас” университети тарабынан уюштурулган “Алтын көпүрө” концерти түрк дүйнөсүнүн бай музыкасын келечек муундарга жеткирүү миссиясы менен жөн гана музыкалык кечеден тышкары өткөн иш-чара катары өзгөчөлөндү. Концерт искусство сүйүүчүлөрү тарабынан абдан жогору бааланып, маданий көп түрдүүлүктүн кереметтүү коллажы катары эсте калды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

    Социалдык медиада бөлүшүү