И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева ректор Жейлан менен жолугушту


  • 2024-02-23

2024-жылдын 22-февралында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева “Манас” университетине келип, университтер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү кадам жасады. “Манас” университетинин ректорлук кеңсесинде өткөн жолугушуу проректорлор профессор, Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүлдүн катышуусунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМУнун ректору, профессор Абдраева “Манас” университетин мактоо менен сөзүн баштап, “Сапаттуу билим берүү менен эле чектелбей, ошол эле учурда студенттерди Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөнүн баалуулуктарын тушүндүрүүгө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатасыздар”, -деди.

Ошондой эле санариптештирүү жаатында “Манас” университети алдыда болгонун белгилеп, “Санариптештирүү жаатында сиздердин тажрыйбага муктажбыз, анткени “Манас” университети бул жаатта биринчи орунда”, -деп КМУнун IT жана медиа борборунан делегация тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келишсе жакшы болорун белгилеп, кызматташуу үчүн меморандумга кол коюу сунушун айтты. Сөзүнүн соңунда ректор, профессор Жейланды Арабаев университетине чакырды.

Ректор Жейлан өз сөзүндө ректор, профессор Абдраевага ыраазычылык билдирип, “Университетибиз натыйжага багытталган принцип менен иш алып барат. Жогоруда айтылган сунуштардын протоколдордо жазылып, айтылып эле калышын каалабайбыз.  Аларды иш жүзүнө ашыруу биз үчүн маанилүү. Ага ылайык, сунушуңузду сөзсүз бааламакчыбыз. Биргеликте мыкты иш алып барабыз деген ишеничтемин”, - деди.

Ректор, профессор Жейлан профессор Айгүл Абдраеванын чакыруусун жылуу кабыл алып, жакынкы арада Арабаев университетине барарын билдирди.

Жолугушуу бири бирине белек тапшыруу жана сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3sM-Jktmb0/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү