Ректор, профессор Жейландан академиялык баалоо жыйыны


  • 2024-02-24

2024-жылдын 23-февралында Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан университетибиздин профессордук-окутуучулук курамы менен академиялык баалоо жыйынын өткөрдү. Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн жыйында университеттин жетишкендиктери жана келечектеги максаттары тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө университеттин академиялык бөлүмдөрүнүн артканын баса белгилеп, факультеттердин саны ийгиликтүү көбөйүп жаткандыгын билдирди. Ошол эле учурда Евразия тарых, тил жана археология илим-изилдөө институту, салттуу оюн жана спорт изилдөө институту, саламаттыкты сактоо илимдери институту сыяктуу жаңы институттар түзүлгөнүн айтып, “Билим берүү тармагында изилдөөлөрдү улантуу менен дисциплиналар аралык программаларды ачуу аракетибизди улантып жатабыз”, - деди.

Технологиялык доордун муктаждыктарын баса белгилеп, “Өзгөчө технологиялык бөлүмдөр менен мультидисциплинардык программаларды көбөйтүүбүз керек. Бул жаатта баардык эже-агайларыбыздын сунуштарын кабыл алабыз. Кыргызстанда билим берүү тармагында алдыңкы университет катары бул жаатта лидерлигибизди улантуубуз керек,”- деди.

Ректор, профессор Жейлан “Манас” университетинин эл аралык рейтингдердеги ийгилигине да токтолуп: “Биз дүйнөлүк рейтингтерде, өзгөчө Борбордук Азияда 13-орунда турабыз. Бул чоң ийгилик, бирок биз дагы жогорку орундарда болууну каалайбыз. Бул бизге дагы да көбүрөөк аракет кылышыбыз керек экендигин көрсөтүп турат,”- деди.

Ошондой эле “Манас” университетинде лабораториялык иштердин уланып жатканын жана 80ден ашуун лабораториянын түзүлгөнүн белгилеген ректор, профессор Жейлан илим жана билимге берилген мааниге басым жасады.

Жыйын биргеликте сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3zjiWiNpLU/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү