“Манас” университетинин кызматкерлери “Ден соолук – 2024” спартакиадаcында ийгиликке жетишти


  • 2024-02-26

Кыргыз-Түрк “Манас”  университети Бишкектин жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден соолук – 2024” спартакиадада мыкты оюн көрсөттү. Мелдеш 2024-жылдын 12-14-февраль күндөрү спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлдү жана “Манас”  университетинин командалары стол үстүндөгү теннис категориясында ийгиликке жетишти. 25-40 жаш арасындагы топто күч салышып, анда “Манас”  университетинин бир командасы 3-орунду камсыздап, ал эми экинчи команда 2-орунга ээ болду.

Бул ийгиликтин жыйынтыгында “Манас”  университети 2024-жылдын жай мезгилинде өтүүчү республикалык спартакиадага катышуу үчүн жолдомо алды.

"Манас" университетети катары командаларыбызды куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C31oRKbNIch/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү