Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган даректүү тасманы тартуу “Манаста” уланууда


  • 2024-02-27

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги Түркмөнстандын телевидение, радио жана кинематография мамлекеттик комитетине караштуу “Түркмөнфильм” бирикмеси менен биргеликте улуу акын Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган даректүү тасманы тартуу үчүн “Манас” университетине келишти. 2024-жылдын 26-февралындагы жолугушуунун алкагында Түркмөнстандан келген чыгармачыл топ “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен маек курду.

“Түрк мамлекеттер уюмунун эң маанилүү каймактарынын бири – Махтумкули”

Профессор Жейлан репортаждын жүрүшүндө “Түрк тарыхынын жана түрк адабиятынын ар бир мезгилинде дооруна из калтырган даанышмандардын ысымдарын кездештирип келебиз. Алар компас катары жол көрсөтүп, орток идеалдардын айланасында биригип, зор турмуштук тажрыйбаларын өлбөс-өчпөс чыгармалары менен жүрөккө жеткиришти. Махмуд Кашгаринин Чыгыш Түркстандан чыккан үнү Йесиде жооп таап, Ахмет Ясавинин улуу сөздөрү Анадолуда Юнус Эмренин деми менен жанды. Ашык Пашанын Кыршехирде чыгарган түркчөнүн үн желеги колдон колго өтүп, Навоиге чейин жетип, 18-кылымда түркмөн даанышманы Махтумкули Фраги бул ыйык тууну колго алган”, - деди жана мындай деп кошумчалады: “Түрк маданиятынын бай бөлүгү болгон Махтумкули бир гана Түркмөнстан үчүн эмес, бүткүл түрк дүйнөсү үчүн маанилүү акын катары кабыл алынышы керек. Анын эмгектери түрк жаштарына өздөрүнүн түпкү тамырын эстөөдө жана маданий байланышты түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Түрк дүйнөсү бүгүнкү күндө орток баалуулуктардын айланасында чогула алса, анда бул үчүн Махтумкули Фраги сыяктуу улуу түрк ойчулдарына милдеттүү экенин унутпашы керек.”

Өтмүштүн улуулугун келечекке жеткирүү

Профессор Жейлан Фрагинин “Türkistan’dır hayâlim/ Açgıl Tanrım sen yolum/ Hicrân dağından salım/ Deli ummâna düşmez” деген саптар менен түзүлгөн Түрк мамлекеттер уюмуна жана бул уюмдун түптөлүшүндө өткөн менен азыркыны бириктирүүчү роль ойногон маанилүү көрүнүктүү инсандарга басым жасап, буларга токтолду: “Өтмүштүн улуулугун келечекке жеткирүүнү кааласак, Махтумкули, Огуз Каган,  Коркут Ата , Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Имам Матуриди, Ахмет Ясави, Мевлана, Юнус Эмре, Шейх Эдебали, Хажы Байрам Вели, атын алып жүрүүдөн сыймыктанган айкөл Манас, Бахтияр Вахапзаде сыяктуу көрүнүктүү инсандарыбызды жана алардын ысымдарын, маданий баалуулуктарыбызды жаш муундарга жеткирүүбүз керек. Бул жоопкерчилик “Манас” университетинин биринчи милдети.”

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркмөнстан Республикасынын президенти Сердар Бердымухамедовго болгон урмат-сыйын билдирген ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн биримдигинин жана ынтымагынын маанисине токтолуп: “Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын достугу эң жогорку деңгээлде уланып жатат. Урматтуу президентибиз Сердар Бердымухамедовдун түрк дүйнөсүнө кошкон салымдарына күбө болуп жатабыз”, - деди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C34-Lcztxnj/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү