Кыргызстан-Түркия бизнес-форумунун делегация өкүлдөрү “Манас” университетинде


  • 2024-03-01

2024-жылдын 29-февралында Кыргызстан-Түркия бизнес-форумуна катышкан Түркиядан келген делегация өкүлдөрү “Манас” университетинде конокто болушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө түркиялык 60тан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү болгон “Манас” университети менен жакындан таанышышты. “Университеттен да артык...” - урааны менен билим берүүнү улантып жаткан “Манас” университетинин коомго кошкон салымы тууралуу сөз болду.

Делегация мүчѳлѳрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен өткөрүлгөн көк бөрү оюнун дүйнө жүзүндө биринчи салттуу спорт майданына ээ болгон “Манас” университетинде көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аба ырайынын сууктугуна карабай ата-бабанын конушунда өткөн көк бөрү оюнун кызыгуу менен көрүштү.

Белгилей кетсек, Кыргызстан-Түркия бизнес-форуму 2024-жылдын 28-февралында башталып, ага Түркиядан 60тан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү жана кыргызстандык 150дөн ашуун ишкана катышты. Иш-чарада сооданын жана инвестициялардын өнүгүшүнө жол ачкан сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C391-tKtB74/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/reel/C377_4zt-Xm/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү