“Манас” университетинде өткөрүлгөн ХII Спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи


  • 2024-03-01

2024-жылдын 28-февралында “Манас” университетинин студенттеринин арасында өткөрүлгөн ХII спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн сыйлоо аземи болду.

Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

КТМУнун биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова ачылыш сөзүндө жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындай деп улантты: “Дени сак баланын көңүлү ачык болот, көңүлү ачык баланын зээни ачык болот, зээни ачык баланын билими күчтүү болот, билими күчтүү баланын өмүрү дагы кубанычтуу болот.”

КТМУнун проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк өз сөзүндө спорт бир гана күч жогото турган тармак эместигин, ошол эле учурда планды, программаны жана стратегияны туура колдоно билүү таланты экенин баса белгиледи. Сөзүнүн соңунда спорттук иш-чараны уюштурууга салым кошкон факультеттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков өз сөзүндө жеңишке жеткен студенттерди “Манас” курама командасына топтоп, алдыда өткөрүлө турган окуу жайлар арасында өткөрүлө турган чемпионатка катышкан жеңүүчүлөргө эл аралык мелдештерге катышууга жолдомо берүүгө даяр экендиктерин сүйүнчүлөдү.

Салтанаттуу аземде волейбол, баскетбол, тогуз коргоол, стол тенниси жана таяк тартыш боюнча спорттун беш түрү боюнча кыздар жана эркектер арасында мелдештердин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештер 2023-жылдын 27-ноябрында башталып, 2024-жылдын 19-майына чейин волейбол, баскетбол, футбол, тогуз коргоол, стол тенниси, шахмат, таяк тартыш, кол күрөш, жаа атуу жана жеңил атлетика боюнча спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлмөкчү.

 

Шилтеме:

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4Ap2gFNpks/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү