Түркиянын университеттеринин билим жарманкесинде “Манас” университетине кызыгуу күч


  • 2024-03-04

“Манас” университети 2024-жылдын 2-мартында Түркиянын “Маариф” фондунда уюштурулган Түркиянын университеттеринин билим жарманкесинде чоң кызыгуу жаратты. Абитуриенттерге жогорку билим алууда кеңири маалымат берген иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл да катышты.

“Маариф” билим берүү комплексинде өткөрүлгөн жарманкеде университеттин абитуриенттерине кабыл алуу критерийлери, факультеттердин тандоолору, стипендия мүмкүнчүлүктөрү жана жатакана шарттары сыяктуу темалар боюнча кеңири маалымат берилди.

Залды толтурган окуучулар “Манас” университетинин тактасына чоң кызыгуу көрсөтүштү. Окуучулар “Манас” университетинин сапаттуу жана акысыз билим берүүсү, факультеттери, бөлүмдөрү жана программалары тууралуу кызыккан суроолоруна жооп алышты.

“Манас” университети жана Түркия Республикасынын бир нече университеттеринин окуучуларга эшигин ачкан мүмкүнчүлүккө толгон аталган иш-чара келечектеги жаштарга чоң жол көрсөттү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4BLDEKtanb/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Manas Televizyonu'nun Haber Videosu: 

https://youtu.be/lOe24AcA7Ek?si=Q965X2d6ZxMvQNVr

    Социалдык медиада бөлүшүү