Маданият жана каада-салт: Ак калпак күнү


  • 2024-03-06

2024-жылдын 5-мартында КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында 5-март – Ак калпак күнүнө карата гуманитардык жана көркөм өнөр факультеттери тарабынан уюштурулган Кыргыз улуттук баалуулуктары:  “Манас жана ак калпак” аталышында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин катышуусунда өттү.

Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова ачылыш сөзүндө ак калпактын маданий маанилүүлүгүн баса белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Э.и.к. Каламбекова: “Биз үчүн “Манас” - бул аба менен суудай. “Манас” бизге шык берген, ыйык кут”, - деп Манастын университетибиз үчүн өзгөчө мааниси бар экенин билдирди.

Проректор, доцент Камалбек Карымшаков өз сөзүндө Ак калпак күнү менен куттуктап, терең мааниге ээ болгон кыргыз элинин улуттук маданий мурасы, улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык да улуттук баалуулуктарды ар дайым коргоо жана күнүмдүк жашообузда эффективдүү колдонуунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бул баалуулуктарды коргоо жана сактап калуу коомдун чоң жоопкерчилиги экенин белгиледи.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин маданиятты жаңы муундарга өткөрүп берүүнүн маанисине токтолуп, түрк дүйнөсүнө жарык чачкан каада-салт жана үрп-адатты университетте өткөрүлүүчү иш-чаралар аркылуу сактоонун зарылчылыгын айтты.

Программанын жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинен ф.и.д., профессор Курманбек Абакиров “Манас” эпосун изилдөөнүн жаңы талаптары” темасындагы баяндамасында “Манас” эпосун тереңдигине токтолуп, замандын талабына ылайык изилдөө жүргүзүү керектигин түшүндүрдү.

КТМУнун гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн окутуучусу, ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиев болсо “Калпак -улуттук баш кийим” аттуу баяндамасында маданияттын маанилүү символдорунун бири болгон калпак тууралуу кеңири маалымат берди. Ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиевдин терең талдоосу калпактын символикасынын байлыгын түшүндүрдү.

Иш-чаранын дагы бир маанилүү бөлүгү көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү тарабынан даярдалган таасирдүү театралдык көрсөтүүсү болду. Бул унутулгус аткаруу катышуучуларга маданий саякат тартуулап, искусствонун күчүн дагы бир жолу эске салды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4K54oxN2bT/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү