Алмашуу программалары аркылуу келген студенттер менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү


  • 2024-03-06

2024-жылдын 6-мартында “Манас”университетинин тышкы байланыштар кеңсесинде Эрасмус, Эки тараптуу кызматташтык жана Орхун алмашуу программасынын студенттери менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү.

Алмашуу программасынын студенттери менен таанышуу жана КТМУ тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулган жолугушууга тышкы байланыштар координатору, профессор Олгун Чичек, тышкы байланыштар мүдүрү, Док. Кадри Аггүн жана алмашуу программасынын студенттери катышты.

Студенттерге КТМУ жөнүндө маалымат берген профессор Олгун Чичек “Манас” университетинде жылуу, үй-бүлөдөгүдөй атмосфера бар экенин айтып, студенттерге бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле студенттерге университетибизде өтүп жаткан илимий жана маданий иш-чараларга катышып, көбүрөөк инсандар менен таанышып, кыргыз маданиятын таануу менен жаңы жерлерди көрүп, улуттук тамак-аштардан даам татып көрүү керектигин айтты.

Тышкы байланыштар мүдүрү, Док. Кадри Аггүн университетибизге алмашуу программалары аркылуу келген студенттерге ар тараптан жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди. Ошондой эле студенттерге Бишкекти сейилдеп, жергиликтүү эл менен аралашып, өз ара маданий карым-катнашта болууга кеңеш берди.

Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандын ар кайсы университеттеринен келген студенттер “Манас” университетинин билим берүүнүн сапатын жактырганын, сабактар эффективдүү өтүлгөнүн жана профессордук-окутуучулук курамынын студенттер менен болгон байланыштарына абдан ыраазы экендиктерин айтышты. Ошондой эле университеттин кампусун жана берилген мүмкүнчүлүктөрдү жактыргандарын билдиришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4Pmt15Ni0v/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү