8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата музыкалык концерт


  • 2024-03-08

2024-жылдын 8-мартында КТМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттери Аялдардын эл аралык күнүнө карата унутулгус музыкалык концерт уюштурушту.

КТМУнун конгресс жана маданият борборунда өткөн бул өзгөчө иш-чарага биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор профессор Мехмет Сезаи Түрк, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл жана көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

Концерт көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттеринин толкунданткан аткаруулары менен башталып, ар кайсы тилде ырдалган ырлар менен коштолду. Кыргыз, түрк, англис, орус, испан, француз тилдеринде аткарылган чыгармалар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жан дүйнөгө азык тартуулады.

Кеченин башталышы кыргыздын улуттук аспабы комуз менен башталды. Андан соң музыка бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери гитаранын коштоосунда “Desperado” чыгармасын аткарышты.

Нурия Шамшиеванын “With you”, Гузи Манапованын “Кел же кет”, Урмат Сатыбалдиевдин “La camisa negra” жана Айзирек Абдирашитова менен биргеликте аткарышкан “Вечная любовь”, Аэлита Рысбекованын “Derniere Danse”, Кайрат Аскарбек уулунун “Ой Тобо”, Урмат Токомбаевдин “Я не могу без тебя”, Азат Садыковдун “Сен дегенде”, Апал Аманбай кызынын “Тогуз алты”, Элдияр Эркинбек уулунун “Розалар” жана “Туулган жер”,  Нурсултан Насировдун аткаруусундагы “Sway” аттуу ырлар кечени шаңга бөлөдү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4Vw8ZJNTBz/?utm_source=ig_web_copy_link

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C4QIxvGNggW/?utm_source=ig_web_copy_link

Manas Televizyonu'nun Haber Videosu: 

https://youtu.be/pckk7wClpEs?si=Nxg8JE5DAdS5UpMl

    Социалдык медиада бөлүшүү