Университеттердин достугун бекемдеген “Акыл таймаш”


  • 2024-03-11

2024-жылдын 6-мартында КТМУнун конгресс жана маданият борборунда достук “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Аталган иш-чара йыл чарба тармагында жаштарды талыкпас билимге үгүттөө жана университеттердин достугун бекемдөө максатында уюштурулду.

Таймашка “Манас” университетинин айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин айыл чарба факультетинин деканы, профессор Күмүшбек Мамбетов, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Ал эми калыстар тобунун курамына туризм факультетинин ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучусу Сапаргүл Турдубекова, инженердик факультетинин экология инженерлиги бөлүмүнөн Доц.м.а.док. Кубат Кемелов жана студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борборунун жетекчиси Назира Кубанычбек чакырылган.

Кызуу таймашта студенттерден куралган командалар оюндун шарты боюнча бакча жана талаа өсүмдүктөрүн өстүрүү, өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү, логика жана аралаш категорияларында даярдалган суроолорго жооп берип, күч сынашты.

Интерактивдүү форматта өткөрүлгөн таймашка залда отурган көрүүчүлөр да уюштуруучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, активдүү катышышты.

Таймаштын финалдык бөлүгүндө 1-орунду К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен келген “Агролиссимус” тобу камсыздап, ал эми 2-орунга КТМУнун “Doğal hayat” командасы ээ болду.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө атайын белектер тапшырылып, достук таймаш академиялык билим жана көндүмдөр менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берген күн өттү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C4X_X1gt6Zz/

    Социалдык медиада бөлүшүү