Курманжан Датка сүрөт галереясында көз жоосун алган "Арт саякат” көргөзмөсү


  • 2024-03-11

2024-жылдын 7-мартында КТМУнун көркөм өнөр факультетинин живопись жана графика бөлүмдөрү тарабынан Аялдардын эл аралык күнүнө арналган көз жоосун алган “Арт саякат” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында уюштурулган “Арт саякат” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөру тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Аталган маданий иш-чарага биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

Көргөзмөдө таланттуу сүрөтчүлөр Бахрам Темиров жана Жакшыбек Джунушевдин эмгектери коюлган. Сүрөтчүлөрдүн Кыргызстан баш болгон дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү; Өзбекстан, Казахстан, Түркия, Кытай, Испания жана Белорусиядан тартып келген эмгектери көргөзмөгө келген ар бир адамга терең таасир берди.

Салтка айланып жыл сайын 8-мартка арналып уюштурулган иш-чарада сүрөтчүлөргө ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C4YAB-LNQF5/

İnstagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C4Qhh5StPh7/

    Социалдык медиада бөлүшүү