“Ата Журттан кичи мекенге” аттуу жаз концерти


  • 2024-03-12

2024-жылдын 11-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда уюштурулган “Ата Журттан кичи мекенге” аттуу жаз концерти музыка сүйүүчүлөрүн керемет атмосферада жолугуштурду.

КТМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучулары Нежип Йылгын жана Эльвира Насырамбекова тарабынан уюштурулган иш-чаранын биринчи бөлүгүндө саз менен Анадолу күүлөрү комуздун сыйкырынын коштоосунда угуучуларды Ата Журттан Анадолуну көздөй алып барды.

Ал эми экинчи бөлүгү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү”оркестринин катышуусунда өттү. Дирижёр Рысбек Жумакунов жетектеген оркестр угуучуларга жагымдуу обондорго толгон музыкалык маанай тартуулап, кечени шаңга бөлөдү.

Программанын жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк Исмаил Гаспыралынын “Тилде, пикирде, иште биримдик” деген белгилүү сөзү менен иш-чаранын маанисине басым жасады. Профессор Мехмет Сезаи Түрк саз менен комуздун кереметтүү гармониясынын искусствонун универсалдуу тили менен жолукканын белгилеп, иш-чараны уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Гүл тапшыруу жана сүрөткө түшүү менен аяктаган концерттик программа катышуучулардын эсинде калды.

Шилтеме:

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C4cVeA3NBNJ/

Manas TV Haberi: https://youtu.be/Omv39mUVw9M?si=rJ-k81NjVqOLyw8B

Manas TV Konser Yayını: https://youtu.be/wOIh2_dSCyI?si=PfdzwDJeMAdfHX0G

    Социалдык медиада бөлүшүү