Түркия Республикасынын мамлекеттик гимнинин кабыл алынышынын 103 жылдыгы Мехмет Акиф Эрсойго арналган сүрөт көргөзмөсү менен белгиленди


  • 2024-03-13

Түркия Республикасынын мамлекеттик гимнинин Түркия Улуу улуттук жыйынында кабыл алынышынын 103 жылдыгына карата 2024-жылдын 13-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультети тарабынан  “Мехмет Акиф Эрсой” сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чара “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен, декан жардамчысы, Доц.м.а.док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, факультеттин окутуучулук курамы жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Көргөзмөнүн ачылыш сөзүн сүйлөгөн декан, профессор Исмаил Шен 1921-жылдын 12-мартынын түрк улуту үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп,  мамлекеттик гимндин мекенди сүйүү, улуттук биримдик жана эгемендүүлүк каалоосун билдиргенин жана акындын бул маанилүү чыгармасы менен түрк улутунун үмүтүн кайрадан жандандырганын айтты.  Профессор Исмаил Шен сөзүнүн аягында көргөзмөнүн мекенине, улутуна, желегине кызмат кылган инсандарды унутпоо жана унуттурбоо максатында ачылганын белгиледи.

Андан соң сөз алган  “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жаштардын түрк дүйнөсүнүн мамлекеттик гимндерин билиши керектигин жана гимндердин бир  улутту жашаткан маанилүү байланыш экенин баса белгиледи. Ректор, профессор Жейлан мамлекеттик гимндин биринчи билдирүүсү болгон “Коркпо!” сөзүнүн маанисине токтолуп, түрк улутунун көз карандысыздык үчүн күрөшү менен болгон бекем байланышына токтолду.

Мындан тышкары, аталган иш-чараны уюштурууда салым кошкан ар бир адамга ыраазычылык билдирген ректор, профессор Жейлан келечекке жарык чачкан жаштар үчүн бул сыяктуу көргөзмөлөрдүн маанилүү экенин белгиледи.

Мамлекеттик гимндин жазылуу процессин, түрк акыны Мехмет Акиф Эрсойдун өмүрүн жана түрк улутунун эгемендүүлүк үчүн күрөшү менен бекем байланышын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C4ewPHCN9cu/

İnstagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C4dHUvNtvyc/

    Социалдык медиада бөлүшүү