Future Trends in Leisure & Recreation конгресси


  • 2024-03-11

2024-жылдын 7-8-март күндөрү өткөрүлгөн “Future Trends in Leisure & Recreation” (FTLRC2024) конгресси онлайн платформада бир нече катышуучунун коштоосунда өткөрүлдү. Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинин туризм факультети, Азербайжан Мингечевир мамлекеттик университети жана Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университети менен биргеликте ишке ашырылган бул престиждүү иш-чара экинчи жолу уюштурулду.

FTLRC2024 конгресси Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинин проректору, профессор Күршат Гөктүрк, Азербайжан Мингечевир мамлекеттик университетинин ректору, профессор Шахин Байрамов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор Жейран Махмудованын ачылыш сөздөрү менен башталды.

Ачылыш сөзүндө “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинин ректору, профессор М.Нажи Бостанжыга ыраазычылык билдирип, университеттин илим, билимге гана эмес, жаштарга жана келечек муундарга экологияга, спортко, маданиятка жана искусствого да маани берерин баса белгиледи. Ошондой эле университет мындай илимий уюмдарга ар дайым колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

“Манас” университетинин туризм факультетинин окутуучулук курамы катышкан FTLRC2024 конгресси 72 презентация, 3 ачылыш сөз жана 1 илимий жыйынды камтыган программасы менен тармактын алдыңкы адамдарын бириктирди. Туризм тармагында боло турган өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга көңүл бурган конгресс академиялык жана тармактык кызыкдар тараптарды бириктирип, маанилүү билим жана тажрыйба алмашуу платформасын түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4haYZ8tbZK/?igsh=MW5neWp2ODE0ejJncQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү