Ректор Жейландан китепкөй студенттерге белек


  • 2024-03-15

2024-жылдын 13-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу жана сыйлык тапшыруу максатында окуу жайыбыздын эң көп китеп окуган студенттерине белектерди тапшырды.

Сыйлык КТМУнун Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын статистикалык маалыматына ылайык, 2023-жылдын сентябрь-декабрь айлары аралыгында эң көп китеп окуган төрт студентке ыйгарылды.

Туризм факультетинин саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн студенти Кундуз Кудайбергенова 49 китеп окуп, университет боюнча эң көп китеп окуган студент болду. Экинчи орунду 45 китеп окуган инженердик факультетинин өнөр-жай инженерлиги бөлүмүнүн студенти Адилет Эркинбеков камсыздады. Ал эми 30 китеп окуп, 3-орунга кесиптик жогорку мектебинин туризм бөлүмүнүн студенти Кубанычбек Денсолуков ээ болду. Ошондой эле 4-орунду 29 китеп окуган теология факультетинин ислам таануу бөлүмүнүн студенти Назмия Рустам кызы алды.

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө сыйлыкка татыган студенттерди куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4hip1EtDK0/?igsh=MXZjY3Jjdmlqd3A1Nw==

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C4gTJJZtA7Z/?igsh=aGRubXlndzFvNXd0

Manas TV Haberi: https://youtu.be/J5u_kzHznbk?si=Z6dVJpsZ1wC60vsw

    Социалдык медиада бөлүшүү