Изилдөөнү долбоорлоо боюнча семинарлар уланууда


  • 2024-03-15

2024-жылдын 14-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Изилдөөнү долбоорлоо семинарларынын алкагында семинар болуп өттү.

КТМУнун окутуучусу, профессор Мустафа Долаз тарабынан өткөрүлгөн семинар профессордук-окутуучулук курам, магистратура жана докторантура программаларынын студенттери арасында чоң кызыгууну жаратты.

Семинарда илимий изилдөөлөрдүн негиздерине токтолуп, катышуучуларга кеңири маалымат берген профессор Мустафа Долаз патент процесстеринен инженердик жана табигий так илимдер долбоорлорунун жазылышына, улуттук жана эл аралык макала даярдоо процесстеринен китеп жана анын бөлүмдөрүн жазууга чейинки кеңири ар кандай темаларды камтыды.

Абдан пайдалуу өткөн семинардын соңунда профессор Долаз катышуучулардын суроолоруна кунт коюу менен жооп берди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4j7cuYtreK/?igsh=MWtwNjRvd3Exc2tnaw==

    Социалдык медиада бөлүшүү