Жүрөктөрдү титиреткен эскерүү иш-чарасы: Чанаккале жеңишинин 109-жылдыгы


  • 2024-03-19

Чанаккале жеңишин жана шейиттерди эскерүү күнүнө карата 2024-жылдын 18-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азияны изилдөө борбору, көркөм өнөр факультети жана Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан конгресс жана маданият борборунда жүрөктөрдү титиреткен эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чара Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдошторун, кымбаттуу шейиттерди бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө Чанаккаленин эпос экенин баса белгилеп: “Чанаккале бир улуттун көтөрүлүшү, анын бутка турушу  жана дүйнөгө чакырыгы. Биз Чанаккаленин рухун сактап, келечекке жеткирүүдө жооптуубуз”, - деди. “Манас” университети катары студенттерибиздин Чанаккале жана Сарыкамыш күмбөздөрүн көрүп, бул рухту жана сезимди сезүүлөрүн каалагандыктарын билдирди.

Биринчи проректор  Бактыгүл Каламбекова ачылыш сөзүндө буларга токтолду: “Бүгүн биз шейиттерди жана ардагерлерди эскерип жатып, аларга таазим этип, эрдиги менен куттуктайбыз. 18-март боордош түрк элинин кайра жаралуу күнү.”

Борбордук Азияны изилдөө борборунун төрагасы, профессор Насух Услу күндүн маанилүүлүгүнө жана маанисине токтолуп, Чанаккале жеңишинин 109 жылдыгы менен куттуктады.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу Алтынбек Исмаиловдун кыргыз тилинде Чанаккале жеңишине арналган ырды көркөм окуганы көрүүчүлөргө чоң таасир берди.

Көркөм өнөр факультетинин координациясында даярдалган “Чанаккале эпосу” аттуу оозеки сөз хорунун бет ачары сахнада көрүүчүлөргө унутулгус аткаруу тартуулады. Студенттер тарабынан даярдалган бул таасирдүү аткаруу кызуу кол чабуулар менен коштолду.

Чоң курмандыктар менен алынган Чанаккале жеңишин эскерүү жана кийинки муундарга жеткирүү максатында уюштурулган иш-чара катышуучулардын жүрөгүндө терең из калтырды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4rxyctt5ea/?igsh=M2pjdzMweHZyY3Fu

https://www.instagram.com/p/C4r8XDOtZy0/?igsh=NTdhNHUyc2JoZm5o

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C4p_9VttlQK/?igsh=bDc1cHQ2bXMxdnh

Manas TV Haberi: https://youtu.be/Dh05L8lU1I0?si=QmmSqW3S6O2-pdIv

    Социалдык медиада бөлүшүү