Балдар реабилитациялык борборуна сапар


  • 2024-03-19

Үстүбүздөгү жылдын 19-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн бөлүм башчысы Гүлмира Тыналиева, ага окутуучу Таалайкүл Ташмамбетова жана студенттер Бишкек шаарында жайгашкан “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна барышты.

Реабилитациялык борбордогу балдар менен болгон жолугушууда көркөм өнөр факультетинин студенттери тарабынан чакан белектер тапшырылып, оюн-зоок программасы тартууланды. Аталган борбордун мугалими Перизат Сатыбалдиева көркөм өнөр факультетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, сөзүн мындай деп улантты: “Канчалаган жаштарга билим берүү менен “Манас” университети Кыргызстанга зор салым кошуп жатканына абдан кубанычтабыз.”

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4uokT7tMdW/?igsh=MWxqNXEwMW83Zm02NQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү