XIV “Ден соолук” спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи


  • 2024-03-25

2024-жылдын 20-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультети тарабынан XIV “Ден соолук”  спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи уюштурулду.

Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине КТМУнун биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков, окутуучулар жана студенттер катышты.

Волейбол, үстөл тениси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча спорттун төрт түрү боюнча кыздар жана эркектер арасында мелдештердин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды.

Сергек жашоого үндөө жана спорттун маанилүүлүгүн баса белгилөө максатында уюштурулган иш-чарада спортчулардын жетишкендиктери чоң шыктануу менен белгиленди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C47xM8iNqm1/?igsh=MWJsd2hiMWJqNGE3OA==

    Социалдык медиада бөлүшүү