Искусство менен бакытка карай жол: “Манас” университетинин студенттеринен унутулгус сапар


  • 2024-03-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин студенттери жана окутуучулары дагы бир ирет жүрөктөрдү жылыткан иш-чара өткөрүштү. Живопись бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Адилет Жанапилов баштаган студенттердин тобу Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде ДМЧ балдарды реабилитациялоо борборуна барышты.

2024-жылдын 22-мартындагы реабилитациялык борборго болгон сапардын жүрүшүндө живопись бөлүмүнүн студенттери борбордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен чогулуп, искусствонун сыйкырдуу дүйнөсүндө убакытты көңүлдүү өткөрүштү. Студенттер балдар менен бирге сүрөт тартып, алардын жаратмандыгына колдоо көрсөтүштү. Ал эми музыка бөлүмүнүн студенттери музыкалык таланттарын көрсөтүп, балдарга унутулгус сезим тартуулашты. Концерттик программанын соңунда студенттер чакан белектери менен балдарга кубаныч тартуулашты.

Реабилитациялык борбордун педагогика жана психология бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Жаркынбаева балдардын маанайын көтөрүп, көңүл буруп келишкени үчүн Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C476mJlts03/?igsh=YXFuMHd4cDd0ejd

    Социалдык медиада бөлүшүү