“Манас” университетинде Бүткүл дүйнөлүк аутизм жөнүндө маалымдоо күнү


  • 2024-04-04

2024-жылдын 2-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жана Студенттик Кеңеш башкармалыгы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк аутизм жөнүндө маалымдоо күнүнө арналган иш-чара уюштурулду.

Ага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жана Свердлов районуна караштуу №30 Атайын жардамчы мектебинин мугалимдери, окуучулары жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чара биринен бири өткөн түркүн-түстүү көз ирмемдерге бай болду. Анда студенттер жана коноктор экономика жана башкаруу факультетинин кире беришинде көк шарларды учурушуп, атайын даярдалган тактага түстүү боектор менен алакан издерин калтырышты.

Ректор Жейлан өз сөзүндө конокторго ыраазычылык билдирип, бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу аутизм жөнүндө маалымдуулук артат деген ишеничин билдирди.

Түркүн-түстүү көз ирмемдерге бай болгон иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аягына чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5Qkb6INRc9/?igsh=bmx6eGRybnVxYTR2

https://www.instagram.com/p/C5QktGINRSp/?igsh=MWN1ZW1qbzVpMWpiaA==

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C5RVFaBN_qd/?igsh=eHoxaWNleGV5Yw==

https://www.instagram.com/reel/C5RX_sYtf7G/?igsh=bmJvdXBsbDRyNmF

    Социалдык медиада бөлүшүү