Салттуу спорт оюндары майданында бүйүр кызыткан көк бөрү


  • 2024-04-04

Дүйнөдөгү биринчи Салттуу спорт майданына ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2024-жылдын 3-апрелинде “Маданият” жана “Ынтымак” командаларынын ортосунда уюштурулган көк бөрү боюнча көрсөтмө оюн өткөрүлдү.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл да көргөн беттеш кызуу жүрдү.

”Манас” университети салттан келечекке карай маданиятын жана салттуу спорт оюндарын сактап, аларды жашатууну улантууда. Апта сайын өткөрүлө турган көк бөрү мелдештерин өткөрө турган “Манас” университети мындан ары да спорт жана маданий мураска салым кошууну уланта бермекчи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5TjSz6t0YU/?igsh=MWRieXBjYWk4eDNlYQ==

https://www.instagram.com/p/C5T37kctcTM/?igsh=aXZxNTFoZzdvZHd2

    Социалдык медиада бөлүшүү