“Манаста” Рамазан баштыгы таратылды


  • 2024-04-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Рамазан айынын шаңы уланууда.

2024-жылдын 3-апрелинде биримдиктин жана тилектештиктин символу болгон Рамазан айына карата “Манас” университетинде ынтымактын эң сонун үлгүсү көрсөтүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста “Манас” университетинин тазалоо, көрктөндүрүү жана ашкана кызматкерлерине 200 даана азык-түлүк баштыктары берилди.

Баштыктарды таратууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл катышты.

Таратуу учурунда “Манас” университетинин жамаатын Рамазан айы менен куттуктаган ректор, профессор Жейлан сезимдери менен бөлүштү: “Биз, “Манас” үй-бүлөсү катары бирге болуунун, жардам берүүнүн жана бөлүшүүнүн маанисин ар дайымкыдай бул ыйык айда да терең сезип жатабыз.”

Ынтымакта болуунун бул үлгүсү “Манас” университетинин социалдык жоопкерчиликти аңдоо менен биримдиктин рухун дагы бир жолу  көрсөттү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5VPWAtNXMH/?igsh=MWdzZGppcHUybXdkYg==

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C5VQlEpNRjp/?igsh=MXVkNHd3Znk3bjF4cQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү