“Манас” университети билим берүү программалары боюнча тиешелүү аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү


  • 2024-04-04

2024-жылдын 1-2-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүү программалары боюнча тиешелүү аккредитациялык текшерүүдөн өттү.

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) КТМУнун Коомдук илимдер институту жана Табигый илимдер институтуна тиешелүү 3 билим берүү программа менен Кесиптик жогорку мектептин курамындагы 7 программаны аккредитациялык текшерүүдөн өткөрдү.

Аталган адистиктерди аккредитацияга даярдоо иштери 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Ар бир программа боюнча өткөн 6 айдын ичинде өзүн өзү баалоо отчеттеру иштелип чыгып, алар  тиешелүү ички коммиссия тарабынан текшерилип, бекитилгенден кийин аккредитациялоо иш-чараларынын планынын негизинде ишмердик жүргүзүлдү.

2024-жылдын 1−2-апрелинде көз карандысыз аккредитациянын жыйынтыктоочу этабы — тышкы экспертиза жүргүзүлүп, эл аралык жана республикалык эксперттер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу ишмердиги менен жеринен таанышышты.

КТМУнун проректору, доцент Камалбек Карымшаков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышкан жыйынтыктоочу жыйындын жүрүшүндө эксперттик комиссиянын өкүлдөрү аккредитациялоо агенттигинин тарыхында КТМУ мыкты иш алып барган окуу жайлардын бири экенин айтып, иш алып баруудаа чоң кубанычта болушканын баса белгилешти. 

Проректор, доцент Камалбек Карымшаков өз сөзүндө буларга токтолду: “Окуу пландары, программаларын түзүүдө боордош эки элдин тажрыйбасы тең эске алынат. Ошондуктан сиздер бул жакта Кыргызстандагы башка окуу жайлардагы процесстердин 100 пайызын көрө албай калышыңыздар мүмкүн, бирок КТМУ базалык принциптердин баардыгын сактап иш алып барат.”

Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө экспертизадан өткөрүү үчүн түзүлгөн эксперттик комиссия Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кадрдык потенциалы, материалдык-техникалык базасы жана окуу-методикалык камсыздоосу жогорку кесиптик билим берүү жана кесиптик билим берүү ишин жүргүзүү үчүн коюлган бардык билим берүү стандарт талаптарына толук жооп бере тургандыгын белгилеп, 5 жылдык мөөнөт менен аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул ийгилик менен КТМУда эмгектенген бардык жооптуу кызматкерлерибизди, унивеситетибиздин жетекчилигин, институттарыбыздын мүдүрлөрүн, бөлүм башчыларыбызды жана Аккредитация жана сапатты өнүктүрүү координаторлугун куттуктап, алардын эбегейсиз зор эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5dS112t9Sf/?igsh=MTI5d3dkcjBpcmtxeA==

    Социалдык медиада бөлүшүү