Боордош “Манас” жана Ахмет Ясави университеттери кызматташтыктарын чыңдоодо


  • 2024-04-06

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Казак-Түрк Хожа Ахмет Ясави эл аралык университетинин ортосундагы академиялык кызматташтык протоколу жаңыланды.

“Манас” университетинин ректоратында протоколго “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Ахмет Ясави университетинин ректору, доцент Жанар Темирбекова тарабынан кол коюлду.

Мурдагыдан дагы комплекстүү кызматташуулар

Ректор, доцент Жанар Темирбекованы “Манас” университетинде кабыл алганына кубанганын билдирген ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн адамдарга эң көп инвестиция салган университеттер “Манас” университети жана Ахмет Ясави университети экенин, ошондуктан бул эки университеттин бир нече орток өзгөчөлүктөрү бар экенин, эки университеттин ортосунда буга чейин кызматташуу протоколдоруна кол коюлганын жана жаңыланган протокол менен алардын кызматташтыгы алда канча кеңири бир багытта уланарын билдирди.

Алтын көпүрө - Ясави жана “Манас” университеттери

Бири түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Ахмет Ясавинин, экинчиси түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү жана эң чоң эпосу болгон “Манастын” атынан коюлган бул эки окуу жайдын түрк мамлекеттеринде алтын көпүрө катары кызмат кыларын жана дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин рейтингинин алдыңкы саптарында тургандарын эске салган профессор Алпаслан Жейлан бул кызматташтыктан келип чыккан синергетика түрк дүйнөсүнүн биримдигине, жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүнө, түрк дүйнөсүнүн жаштарынын мыкты билим алышына кызмат кыларын баса белгиледи. Алпаслан Жейлан протоколдун Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин университеттерине да үлгү деген ишеничин билдирди.

Түрк мамлекеттерине эң маанилүү колдоо

Ректор, доцент Жанар Темирбекова эгемендүүлүгүн жарыялаган Түрк мамлекеттерине эң чоң жана эң маанилүү колдоо катары түзүлгөн Ахмет Ясави жана “Манас” университеттери түрк мамлекеттеринин жогорку билим берүүдөгү ордун, бул эки университеттин кызматкерлерине канчалык чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип, берилгендик менен иштегендерин жана университеттерине чоң маани беришкендиктерин билдирди.

Замандын шарттарына ылайык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну камсыз кылган, кызматташтык жагынан дагы ар тараптуу болушу үчүн  жаңыртылган протокол; эки университеттин мурдагыдан дагы натыйжалуу жана эффективдүү долбоорлорду ишке ашыруусуна жол ачарына, мындан ары эки университеттин түрк дүйнөсүнө жана адамзатка пайда алып келе турган көптөгөн заманбап биргелешкен долбоорлорго кол коюшарына, бири-биринин ондогон жылдык тажрыйбасынан көбүрөөк пайда алышарына, түрк дүйнөсүнүн миссиясынан боордош университеттин кызматташтыгынан пайда боло турган синергетиканын Түрк мамлекеттер уюмунун максаттарына жана милдеттерине чоң салым кошоруна чын жүрөктөн ишенерин билдирди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын чакыруусу менен Кыргызстанга келген Казак-Түрк Хожа Ахмет Ясави эл аралык университетинин ректору, доцент Жанар Темирбекова “Манас” университетинин салттуу ооз ачуу саамалыгына катышты. Ошондой эле университетти бүткүл өлкөгө көрсөткөн “Манас” телеканалынын уктуруусуна конок болуп, окуу жайын тааныштырды.

 

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/ke7FM6lex24?si=Mgx-n81i-tLcqPDS

    Социалдык медиада бөлүшүү