Түрк дүйнөсүнүн үнү - “Манас” гезитинин форматы жана мазмуну жаңыланган саны жарык көрдү


  • 2024-04-18

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик практикалык гезитинин форматы өзгөрүп, мазмуну жаңыланган саны жарык көрдү.

Борбор Азиянын жүрөгү болгон Кыргызстанда “көңүл көпүрөсү” катары курулган “Манас” университети заманбап байланыш технологияларын натыйжалуу пайдаланууга ыктап келет. Мунун эң маанилүү мисалы - “Манас” гезити.

Алдыдагы сандарында маданият, искусство, адабият, спорт жана экономика боюнча мазмундары жаңыртылып, жаңы форматында университетибиз, Кыргызстан, Түркия жана түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү үчүн маанилүү жаңылыктар камтылат.

Гезиттин редактору, кенже илимий кызматкер Зеки Окяйдын айтымында, мурда А4 форматында басылып келсе, эми Кыргызстандагы башка гезиттердей А3 форматында 32 беттен турган басылма айына бир жолу жарык көрө баштайт.

“Жаңы форматтын максаттуу аудиториясы бир гана Кыргызстан менен Түркия эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү”, -деген редактор Окяй кагазга басылып чыгарылган версиядан сырткары гезиттин веб-форматы да жаңыртыларын кошумчалады.

“Манас” гезити окуу жайыбыздын жана түрк дүйнөсүнүн күчтүү үнүнө айланат

Жалпыга маалымдоо каражаты болгон гезит максатына шайкеш колдонулган чакта элдин, биримдиктин күчүнө айланарын белгилеген КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан буларга токтолду: “Бүгүнкү күндө технология берген мүмкүнчүлүктөр менен артыкчылыгын жаңылып, алдыга карай ишин улантып келген “Манас” гезити окуу жайыбыздын, түрк дүйнөсүнүн күчтүү үнүнө айланат.”

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө студенттердин гезити катары ишин баштаган бул басылма өзүнүн жаңыланган концепти менен күчтүү маалымат булагы катары университетибиздин көздөгөн миссиясына кызмат кыларына ишеничи чоң экенин баса белгиледи.  Гезиттин жарык көрүүсүнө салым кошкону үчүн коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк баштаган эмгек жамаатына ыраазычылык билдирген ректор, профессор Жейлан ийгилик каалады.

Гезиттеги жарык көргөн кабарларда “Анадолу” агенттиги, “Кабар” маалымат агенттиги, КТМУнун “Манас” телеканалы жана ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмдөрүнөн булактар колдонулат. Универститеттин уюштуруусунда өткөрүлгөн ар кандай семинарлар, симпозиумдар, көргөзмөлөр жана башка иш-чаралар жөнүндө маалыматтар менен катар студенттер тарабынан даярдалган атайын кабарлар да орун алмакчы.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C544W2yNGDq/?igsh=Ym80MGkzZTBweWV1

Gazete Manas:

https://manas.edu.kg/kg/about_manas/newspaper

    Социалдык медиада бөлүшүү