Сиздин каныңыз бир өмүрдү сактайт!


  • 2024-04-18

 Урматтуу, университетибиздин студенттери жана жалпы эмгек жамааты!

 2024-жылдын 29-апрель күнү саат 9.00-14.00гө чейин университетибизде коммуникация факультетинин 1-кабатынын фойесинде "Кан донорунун күнү" өткөрүлөт.

 Сиздерди кайрымдуулукка чакырып, донор болууга үндөйбүз!

18 жаштан 60 жашка чейинки, дене салмагы 50 килограммдан аз эмес, каршы көрсөтмөсү болбогон (убактылуу жана абсолюттук) жаран донор боло алат. Кан тапшырууга даярдык:

  1.Кан берүүнүн алдында жана ошол күнү майлуу, куурулган, ачуу, ышталган, сүт азыктарын жегенге болбойт;

   Кан берүүнүн алдындагы:

  • 48 саат ичинде  спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт
  • 72 саат ичинде оору басаңдатуучу, аспирин кошулмасы бар дарыларды колдонууга болбойт.

3.Кыям менен таттуу чай, шире суусу, компот, нан, минералдык суу, ботко, сууга бышкан макарон азыктарына уруксат берилет.

4.Жаныңызда күбөлөндүрүүчү документ болуусу зарыл (паспорт).

Кан тапшырылгандан кийин донор канынан төмөндөгү оорулар изилденет:

  • Бруцеллез
  • Гепатит В жана С
  • ВИЧ
  • Сифилис
  • Малярия
  • Гемоглобин көрсөткүчү
  • Кандын тобу жана резус фактору АД (кан басымы) өлчөнөт.

Донорлорго шоколад, гематоген, чай жана 100 сом берилет.

    Социалдык медиада бөлүшүү